АКШнын Орто Азия өлкөлөрү менен өткөргөн аскердик машыгуусу

АКШнын Борбордук командирлигинин Орто Азия өлкөлөрү үчүн өткөргөн аскердик машыгуусу Тажикстанда башталды.

1867247
АКШнын Орто Азия өлкөлөрү менен өткөргөн аскердик машыгуусу

АКШнын Борбордук командирлигинин Орто Азия өлкөлөрү үчүн өткөргөн аскердик машыгуусу Тажикстанда башталды. 

АКШнын Душанбедеги элчилигинин билдирүүсүнө караганда, борбор шаар душанбеде АКШ, Пакистан, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн катышуусунда «Аймактык кызматташтык-2022» аскердик машыгуусу өтүүдө.

Машыгуунун ачылышында сөз сүйлөгөн АКШнын Душанбедеги элчиси Жон Марк Поммершайм машыгуу аймактык жана глобалдык чакырыктарды тынчтык жолу менен чечүү, маалымат алмашуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн маанилүү форум болгонун белгиледи.

АКШнын Борбордук командирлиги  уюштурган аскердик машыгуу 20-августта аяктайт.

 



Тектеш кабарлар