Америкалык аскерлер Нигерден азырынча чыкпайт

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Пэт Райдер, Нигер тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

2122021
Америкалык аскерлер Нигерден азырынча чыкпайт

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Нигерден аскерлерин чыгарып кетүү чечиминин жок экенин билдирди.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Пэт Райдер, Нигер тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

АКШнын Нигердеги аскерлеринин келечеги темасында Райдер: «Бул этапта АКШ күчтөрүнүн кетиши боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»,-деп айтты.

Райдер Нигердин «АКШнын аскерлерин өлкөдөн чыгаруу планын сунуштай турганы» жөнүндөгү билдирүүсүнө комментарий бербей турганын айтып, «Менин билишимче учурда сүйлөшүүлөр уланууда»,-деди.

Нигер бийлигинин 17-марттагы билдирүүсүндө, АКШнын Коргоо министрлигинин аскер жана жарандык персоналынын өлкөдө кызмат өтөөсүнө уруксат берген аскердик келишимдин жокко чыгарылганы айтылган.



Тектеш кабарлар