Австралияда токой өрттөрүнөн улам чукул абал жарыяланды

Австралияда чыккан токой өрттөрү калкы жыш болгон аймактарды коркунучка салышы менен Жаңы Түштүк Галлер аймагында чукул абал жарыяланды.

1304350
Австралияда токой өрттөрүнөн улам  чукул абал жарыяланды

Австралияда чыккан токой өрттөрү калкы жыш болгон аймактарды коркунучка салышы менен Жаңы Түштүк Галлер аймагында чукул абал жарыяланды.

Жаңы Түштүк Галлердин премьер  - министри Гладис Бережиклиан Сиднейдин батышында Көгүлтүр тоолор аймагында өрттөр менен күрөшүү болгон 2013 – жылдан бери биринчи жолу чукул абалдын жарыялангандыгын белгилеп аба шарттарынын ишти  ылдам түрдө өзгөрүшү деген мааниге келгендигин айтты. Аймактын чукул абал кызматтары боюнча министр Дэвид Еллиот да  бул жумада жарандар бетме  - бет келген токой өрттөрүнүн өлкөдө ушул күнгө чейин болгон өрттөрдүн эң коркунучтуусу экендигин билдирди.

Жетекчилер Жаңы Түштүк Галлерде жума күндөн бери токой өрттөрүндө 3 кишинин каза болгондугун 970 миң гектардык токой жана эгин аянты менен 150дөн ашуун үйдүн күлгө айлангандыгын билдирди. Тез жардам тейлөө шефи Доминик Морган жараланган 100дөн ашуун кишинин жана алардын ичинен 20сы өрт өчүргүч болгон жаралуулардын дарылангандыгын айтты.

Квинсленд аймагында да 9 үйдүн өрттөнгөндүгү, аймактын борбор шаары Брисбан жана тегерегинде абанын сапатынын төмөндөгөндүгү, Жаңы Түштүк Галлер жана Квинслендде миңдеген кишинин эвакуация  борборлорунда жашап жаткандыгы белгиленди.

Австралия армиясынын өрт өчүрүү иштеринде 1500 өрт өчүргүч кызматкерине жардам бергендиги, ысыктык 37 градустан ашышы күтүлгөн шейшемби күнү Жаңы Түштүк Галлер менен бирге Сидней жана Хантер өрөөнүндө аракетке өтүлгөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар