Азезде жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат
Азез Түркиянын Килис районунун маңдайындагы Сирия жерлеринде жайгашкан.
Сирия-Түркия чек арасында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районунда, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК коркунучтарына каршы күрөшкөн Эркин Сирия армиясынын өтүүлөрүн жеңилдетүү үчүн жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.
Азезде райондун түштүк-батышындагы Тель-Рифаттагы ЙПГ/ПККлыктардын кол салууларына каршы күрөшкөн Эркин Сирия армиясынын өтүүлөрүн жеңилдетүү үчүн жолдор асфальтталууда.
Мындан башка террордон тазаланган жерлер жана Түркия менен ортосунда соода барган сайын артууда. Ушул алкакта Түркиядан барган жүк ташуучу унаалар жана фуралар террордон тазаланган жерлерге чейин кире алышат.
Азез Түркиянын Килис районунун маңдайындагы Сирия жерлеринде жайгашкан. Тель-Рифаттагы террористтер тез-тез бул районду бутага алып жатышат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.