БАЭде удаама-удаа жарылуулар болду

Жарылуулардын 3ү Абу-Дабидеги өнөр жай аймагында болуп; мунай жүктөлгөн 3 танкер жардырылды.

1763824
БАЭде удаама-удаа жарылуулар болду

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде бир нече жолу жарылуу болду.

Жарылуулардын 3ү Абу-Дабидеги өнөр жай аймагында болуп; мунай жүктөлгөн 3 танкер жардырылды.

Абу-Даби эл аралык аэропортунда курулуп жаткан жерде дагы бир жардыруу болду.

Жардыруулардан кийин өрт чыкты.

Бириккен Араб Эмирликтеринин полициясы, алгачкы аныктамаларга караганда, окуя учкучсуз учактын чабуулунан болушу мүмкүн экенин жарыялады.

Азырынча жардыруулардан каза болгондор жана жабыркагандар жок экени жарыяланды.

Жардыруулардан кийин Йеменде Иран колдогон хуситтер БАЭге кол салганын кабарлашты.



Тектеш кабарлар