Багама аралдарында 2 миң 500дөн ашуун киши дагы деле дайынсыз болуп жатат
Багамада издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
Багама аралдарын кыйраткан «Дориан» бороон-чапкынынын себебинен дагы деле 2 миң 500 кишинин дайынсыз болуп жатканы билдирилди.
«Дориандан» таасирленген Багамада издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
Багаманын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, аймакта дагы деле 2 миң 500 кишинин дайынсыз экенин билдирди.
Жооптуу кызматкерлер, бороон-чапкында каза тапкандардын саны 50 кишиге жеткенин маалымдашкан, бирок көп сандаган адам дагы деле дайынсыз болгондуктан каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенине тычсызданып жатышат.
Дайынсыз жоголгон 2 миң 500 кишиден айрымдарынын баш калкалоочу жайларда болушу мүмкүн экени жана такталгандан кийин бул сандын азая тургандыгы да белгиленди.
Бороон-чапкындан эң көп таасирленген эки аралдан ушул учурга чейин 5 миң кишинин эвакуциялангандыгы, орто эсеп менен 7 миң кишинин болсо көчүрүлүүнү күтүп жатканы маалымдалды.
БУУ да аймакта 70 миң кишинин чукул жардамга муктаж экенин билдирген болчу. «Дориан» бороон-чапкыны Багамаларды чоң кыйрандыга айландырып, миңдеген киши да үй-жайсыз калды.