Балкан өлкөлөрүндө Ковид - 19 бейтаптары көбөйө баштады

Сербия, Словения, Хорватия, Черногория, Босния жана Герцеговинада коронавирус Ковид-19 бейтаптары  көбөйүп, өлүмдөр байкала баштады.

1866803
Балкан өлкөлөрүндө Ковид  - 19 бейтаптары көбөйө баштады

Балкан өлкөлөрүндө, анын ичинде Сербия, Словения, Хорватия, Черногория, Босния жана Герцеговинада коронавирус Ковид-19 бейтаптары  көбөйүп, өлүмдөр байкала баштады.

Сербиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө акыркы 24 саатта 7 миң 61 жаңы бейтап катталып, 14 кишинин каза болгону белгиленди.

Словенияда акыркы 24 саатта 1614 бейтап катталып, 6 кишинин каза болгону жарыяланды.

Omicron варианты менен күрөшүп жаткан Хорватияда акыркы 24 саатта 15 адам каза болуп, 1583 адамда вирус аныкталган.

Туризм мезгилинин таасири менен Ковид-19 бейтаптарынын санынын өсүшү байкалган Черногорияда акыркы 24 саатта вирус жуккандардын саны 789га жетти.

Акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 6 деп жарыяланган Босния жана Герцеговинада 555 бейтап катталды.



Тектеш кабарлар