Беш өлкө Нетаньяхунун билдирүүсүнө тынчсызданып жатат
5 өлкө биргелешкен билдирүү жарыялады.
Франция, Германия, Италия, Англия жана Испания Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун басылып алынган Батыш-Шериадагы Иордан өрөөнүн Израилге кошуу убадасына катуу тынчсыздангандарын билдиришти.
5 өлкө биргелешкен билдирүүсүндө: «Франция, Германия, Италия, Англия жана Испания, Батыш-Шериа өзгөчө Иордан өрөөнү менен Өлү деңизинин түндүк жээктерин ыктымалдуу аннекциялоо жөнүндөгү билдирүүсүнө катуу тынчсызданып жатабыз. Бул билдирүү ишке аша турган болсо, эл аралык мыйзамды олуттуу түрдө бузган болот»,-делди.
Беш өлкө тараптардан 1967-жылдагы чек аралардын негизинде эки мамлекеттүү чечүүчү жол табуу аракетин коркунучка салган, эл аралык мыйзамдарга туура келбеген кыймылдардан алыс турууну талап кылууну уланта тургандары белгиленген билдирүүдө: «Франция, Германия, Италия, Англия жана Испания Израилдин коопсуздук укугун тааныйт жана Газадан Израилге карай акыркы кол салууларды катуу айыптайт» деген сөздөргө орун берилди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.