Бир тилими 1000 долларга сатылган алтын капталган баклава
Жакартада түрдүү түрк таттуулары сатылган «Мардин баклава» аттуу мекеме бир тилими 1000 долларга сатылган баклава кардарлардын кызыгуусун тартууда.
Индонезиянын борбор шаары Жакартада 24 карат алтын капталган баклава тилими 1000 долларга сатылууда.
Жакартада түрдүү түрк таттуулары сатылган «Мардин баклава» аттуу мекеме бир тилими 1000 долларга сатылган баклава кардарлардын кызыгуусун тартууда.
Түрк маданияты жана ашканасына болгон кызыгуудан улам Жакартада таттуу сатылган бир магазин ачкан Ирак тектүү 35 жаштагы Абдул Рахман Л Сууд Алхаммади : «Түрк ашканасынын теңдеши жок даамдарынан баклаваны Индонезияда таанытууну максат кылуудабыз. Түрк чебер жасаган жана колдонулган материалдары органикалык болгон 24 карат алтын капталган баклаванын бир тилимин 1000 долларга сатып жатабыз»,- деди.
Алхаммади : «Баклава үчүн керектүү материалдарды Түркиядан, кээ бирлерин да жакындардагы өлкөлөрдөн алуудабыз. Бакалаваларыбызды Газиантептен алып келген баклава чебери жасайт. Кардарларыбыз таттууларыбызды абдан жактырышат»,- деди.
Азия ашканасы үчүн күчтүү болгон баклаваны индонезиялыктарга тааныта башташкандарын айткан Алхаммади мекеменин атын түрк шаарларынын арасынан индонезиялыктар оңой айтып жана оңой эстеши үчүн Мардин деп аташкандарын билдирди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.