Биринчи жолу бир израилдик министр Суданга сапар менен барды

Карым  - катнаштарды калыбына келтирүү келишиминен кийин биринчи жолу израилдик бир министр Суданга сапар менен барды.

1571464
Биринчи жолу бир израилдик министр Суданга сапар менен барды

Карым  - катнаштарды калыбына келтирүү келишиминен кийин биринчи жолу израилдик бир министр Суданга сапар менен барды.

Жергиликтүү басма сөздө орун алган кабарга караганда 24 -  январь жекшемби күнү эки күндүк расмий сапар менен Хартумга барган Израиль чалгындоо министри Эли Коэн жана коштоосундагы делегация Судан эгемендик кеңешинин төрагасы, армиянын генералы Абдулфеттах ел  - Бурхан  жана коргоо министри Ясин Ибрахим менен жолугушту.

Иш сапардын жүрүшүндө Коэн менен Ясин коопсуздук боюнча меморандумга кол коюшту.

Макулдашуу меморандумунун мазмунуна байланыштуу эч кандай маалымат берилген жок.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 23-октябрда Судандын Израил менен тынчтык келишимин түзүү жана мамилесин нормалдаштыруу боюнча келишим түзгөнүн жарыялаган.

Буга чейин Ак үйдүн билдирүүсүндө Трамптын Суданды "терроризмди колдогон өлкөлөрдүн" тизмесинен чыгаруу чечимине кол койгону билдирилген.



Тектеш кабарлар