Британия ДЕАШ террористтеринин жетим балдарын Сириядан алып кетет

Британиядан мурда  Франция, Германия, Норвегия менен Дания аз сандагы баланы кайра алган болчу.

1310808
Британия ДЕАШ террористтеринин жетим балдарын Сириядан  алып кетет

Британия жок кылынган, Британия жараны, ДЕАШ террордук уюмдун мүчөлөрүнүн  Сирияда калган балдарын өлкөгө алып кетүү чечимин чыгарды.

Тышкы иштер министри Доминик Рааб бул тууралуу маалыматында : «Үйлөрүнө кайтышына мүмкүчүлүк түздүк. Себеби жасала турган эң туура нерсе ушул эле»,- деди. Балдардын турмушунун калыбына келиши үчүн колдоо берилиши керектигин баса белгилеген Рааб : «Бул күнөөсүз,  жетим балдар эч качан согуштун коркунучуна дуушар болбошу керек эле»,- деди.

Коопсуздугунан улам ысымдары аталбаган балдар ДЕАШ террордук уюмдун колунда болгон аймактардан Британияга алып келине турган биринчи Британия жарандары болот. Сириядагы лагерлерде Британия жараны 25 аял менен көпчүлүгү  5 жашынан кичүү болгон 60тан ашуун баланын бар экендиги белгиленди.

Британия оболу коопсуздук санааларынан улам  балдар да болгон өз жарандарын кайра алууну калабагандай мамиле кылса да Рааб өткөн айда  жетим жана жанында жакындары болбогон балдарды алып келүүнү карап чыгышкандарын жарыялаган.

Британиядан мурда  Франция, Германия, Норвегия менен Дания аз сандагы баланы кайра алган болчу.



Тектеш кабарлар