Британиядан Украинага дагы көп курал берилери билдирилди

Британиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта чечимдин Украина куралдуу күчтөрүнө жылдын башында берилген ракета системаларынын ийгиликтүү колдонулушунан кийин чыгарылгандыгы белгиленди.

1866805
Британиядан Украинага дагы көп курал берилери билдирилди

Британиянын Украинага дагы көп бир нече ракеталык системаларды берери билдирилди. 
Британиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта чечимдин Украина куралдуу күчтөрүнө жылдын башында берилген ракета системаларынын ийгиликтүү колдонулушунан кийин чыгарылгандыгы белгиленди. 

Коргоо министри Бен Уоллестин сөздөрүнө шилтеме жасалган билдирүүдө жаңы аскердик колдоонун Украина күчтөрүнүн "Орус агрессиясына жана алыска атуучу артиллерияны ылгабай колдонууга каршы коргоону улантуусуна" мүмкүндүк берери маалымдалды. 

Уоллес Британия жана эл аралык коомчулуктун бул “мыйзамсыз согушка” каршылык көрсөтүүнү уланта турганын жана “Россиянын президенти Владимир Путиндин баскынчылыгына каршы коргонуусуна  жардам берүү үчүн Украинага аскердик жардам көрсөтө тургандарын” айтты.

Британиянын Украинага дагы көп ракеталык системаларды жана башкарылуучу ракеталарды бере турганына көңүл бурулган билдирүүдө сөз болуп жаткан аскердик жардамдын  Британиянын Канада, Дания, Швеция, Финляндия жана  Нидерландия да колдой турган 10 миңге жакын украиналык аскерин машыктыруу милдетине салым кошо турганы белгиленди.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган. 

 

 



Тектеш кабарлар