Брюссель эмес Лондон сүйлөшү керек

Европа Биримдиги, Англиянын ЕБнен бөлүнүүсү тууралуу Лондондон жооп күтүүдө.

1130253
Брюссель эмес Лондон сүйлөшү керек

ЕБ Комиссиясындагы күнүмдүк басма сөз жыйынында сөз сүйлөгөн катчы Маргаритис Шинас: «(Brexit тууралуу)  Суроолоруңуздун жоопторун Брюсселден издебеңиздер. Эми сөз сүйлөө кезеги Лондондо»,-деп айтты.

Түндүк Ирландия менен ЕБне мүчө Ирландия Республикасынын ортосунда физикалык чек ара курулуусуна бөгөт болууну максаттаган «алдын алуу беренесинин» бөлүнүү келишиминин бир бөлүгү болгонун билдерген Шинас, бул келишимдин сүйлөшүүгө ачык эместигине басым жасады.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин ЕБ менен жетишкен Brexit келишими Парламентте 202 макул 432 каршы добушу менен четке кагылды. Мэй өкмөтүн кулатууга карай Жумушчу партиясынын ишенбөөчүлүк көрсөтүшү болсо 306 макул 325 каршы добушун берип четке каккан.

Англия 2016-жылдын 23-июнунда    болгон ЕБ референдумунда бөлүнүү чечими чыккан.

Мэйдин бүгүн Англиянын парламентинде ЕБ менен жетишкен Brexit келишими тууралуу «В» планын жарыялоосу күтүлүүдө.


Этикеткалар: #Лондон

Тектеш кабарлар