БУУ Ливиянын түштүгүндөгү куралдуу топтордон тынчсызданууда

БУУнун Ливия атайын өкүлү куралдуу топтордун өлкөнүн түштүгүндө чогулгандыгы тууралуу келген кабарлардан тынчсыздангандыгын белгиледи.

1129964
БУУ Ливиянын түштүгүндөгү куралдуу топтордон тынчсызданууда

 БУУнун Ливия атайын өкүлү куралдуу топтордун өлкөнүн түштүгүндө чогулгандыгы тууралуу келген кабарлардан тынчсыздангандыгын белгиледи.

Өкүлчүлүктүн расмий интернет сайтынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул кабарлардан улам кагылышуунун чыгышынан санааркоолордун болгондугу билдирилди. Билдирүүдө баа берүүлөрүнө орун берилген БУУнун атайын өкүлү Гассан Селаме да түштүктөгү бардык тараптарды тынчтанууга чакырды.

Селаме : «Өткөн жумада биринчи сапарымы Себхага жасадым. Түштүктүн тургундарынын дагы жакшы келечек үчүн мамилелерин бузган маселелерди чечүү тууралуу ниеттеринин бар экендигин сездим»,- деди.

Генерал Халифе Хафтерге караштуу күчтөр 15 -  январда  Ливиянын жеринин бүтүндүгүн  коргоо жана кол салуучуларга  тоскоол болуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө операция башташкандарын жарыялаган.

Бул күчтөр 13 -  январда аскердик операцияга даярдануу үчүн Себха шаарынын жакындарындагы Теменхинт аба базасына жайгашкан. Хафтерге жакын Ел  - Хадес каналында орун алган кабарда бул күчтөрдүн чек ара аймактарындагы мыйзам тышы элементтер жана террордук уюм ДЕАШ жана Аль Каидага каршы операция үчүн түштүккө багыт алгандыгы белгиленген.



Тектеш кабарлар