БУУда Калдыктарды жок кылуунун Эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Иш-чарага президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да видео кайрылуу жолдоду.

2121931
БУУда Калдыктарды жок кылуунун Эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Франциянын борбор шаары Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) имаратында «30-март калдыктарды жок кылуунун Эл аралык күнүнө» карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да видео кайрылуу жолдоду. Түркиянын ар башка муниципалитеттери тарабынан нөл калдык демилгесинин алкагында өндүрүлгөн долбоорлорду түшүндүргөн видеотасма көрсөтүлгөн иш-чарада катышуучулар Эмине Эрдогандын жетекчилигиндеги Глобалдык нөл калдык жакшы ниет декларациясына кол коюшту.

Иш-чарага катышкан Түркиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү элчи Гүлнур Айбет өз сөзүндө, «Нөл калдык» долбоорунун Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен 2017-жылы башталганына көңүл бурду. Нөл калдык долбоорунун негизги максатынын 2035-жылга чейин калдыктарды кайра иштетүү ылдамдыгын 60 пайызга жеткирүү экенин белгилеген Айбет, бул долбоордун башталышынан бери түрк экономикасына 185 миллиард түрк лирасын алып келгенин билдирди.

Айбет ошондой эле долбоордун негизинде 490 миллион дарактын кыйылуудан куткарылганын жана 5,9 миллион тонна парник газынын эмиссиясынын алдын алганын айтты.

Айбет: «Түркиянын ийгиликтүү «Нөл калдык» долбоору эми глобалдык кыймылга айланды»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш баш болгон катышуучулар, көз карашы жана лидерлиги үчүн Эмине Эрдоганга ыраазычылык билдиришти.  



Тектеш кабарлар