БУУдан Идлиб кол салуусуна айыптоо

БУУ Сирияда Башар Асад режиминин Идлибде бир чатыр лагерде 12 жарандын каза болушуна себеп болгон кол салуусун айыптады.

1310690
БУУдан  Идлиб кол салуусуна айыптоо

БУУ Сирияда Башар Асад режиминин Идлибде бир чатыр лагерде 12 жарандын каза болушуна себеп болгон кол салуусун айыптады.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Гейр О. Педерсендин атайын кеңешчиси Нажат Рочди  кечээ Идлибдин түндүгүндөгү Ках айылындагы чатыр лагерге жасалган жана 12 жарандын өлүмүнө себеп болгон кол салууга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Аймактан келген кабарларга караганда режим аймагынан чатыр лагерге карата бир ракетанын атылгандыгын айткан Рочди ракетанын бир төрөт үйүнүн жанында жарылгандыгын белгиледи. Рочди  эл  көп болгон чатыр лагерге жасалган ракеталык кол салууну катуу түрдө айыптагандыгын баса белгилеп кол салууда 50 жарандын да жаралангандыгын, каза болгондордун арасында балдардын да бар экендигин билдирди.

Лагердеги жарандардын үйлөрүн таштап кете албай жаткандыгын, кээ бирлеринин көптөгөн жолу жерлеринен кеткендигин жана бул кишилердин ашыкча кыйын шарттарда жашап жаткандыгын айткан Рочди абанын ысыктыгы төмөндөгөн мезгилде кол салуу менен чатыр жана башка баш калкалоочу жерлердин талкалангандыгына көңүлдөрдү бурду. Рочди Балдар укуктары келишимине БУУда 1989 -  жылы 20 -  ноябрда кол коюлгандыгын эске салып, кол салуунун өзгөчө 20 -  Ноябрь дүйнөлүк балдар укуктары күнүндө болушунун капалантуучу экендигин белгиледи.

«Сирияда болгон адамзаттык трагедия акырына чыгышы керек»,- деген Рочди жарандарга жана жарандык инфраструктураларга карата кол салуулар тууралуу териштирүү баштоого чакырды.



Тектеш кабарлар