БУУнун Коопсуздук кеңешинде күчтөрдүн тирешүүсү...

БУУнун Коопсуздук кеңеши, Орусия жана Кытайдын талабы боюнча АКШнын тыюу салынган ракета сыноосун сүйлөшүү үчүн чогулду.

1257132
БУУнун Коопсуздук кеңешинде күчтөрдүн тирешүүсү...

Орусия жана Кытай, Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимден (INF) чыккан АКШны куралдануу жарышына киргени менен күнөөлөп, бул өлкөнүн орто аралыкка учуучу ракета сыноосун БУУнун Коопсуздук кеңешине алып барды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши, Орусия жана Кытайдын талабы боюнча АКШнын тыюу салынган ракета сыноосун сүйлөшүү үчүн чогулду.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский, АКШнын Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимден чыгуусун сынга алып, «АКШ куралдануу жарышына даяр»,деген серебин салды.

Полянский, стратегиялык ырааттуулук жана коопсуздукту камсыздоо үчүн АКШ менен ар түрдүү олуттуу диалогго даяр болгондорун белгиледи.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь болсо өз сөзүндө, «Кытай дагы кошулган жаңы келишимди сүйлөшүүнү каалагандарын» айткан АКШнын президенти Дональд Трампка жооп берди жана АКШнын Кытайды шылтоо кылып келишимден чыгуусунун кабыл алынгыс болгонун айтты.

АКШнын туруктуу өкүлүнүн орун басары Жонатан Коэн да Орусияны 10 жылдан узак убакыттан бери келишимди бузгандыгы менен күнөөлөдү жана АКШнын 6 жыл бою Орусияны келишимге баш ийиши темасында көндүрүү аракеттеринин артынан Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишиминен (INF)  чыгуу чечимин чыгаргандарын айтты.

Кеишимди бузган Орусиянын Европаны ата турган «9M729» ракета системасын өнүктүргөнүн айткан Жонатан Коэн, «Орусия жана Кытайдын куралдарын өнүктүрүүсүн улантып жатканда АКШнын толеранттуулук көрсөтүүсүн күтүүдө»,-деди.

АКШнын орто аралыкка учуучу ракета сыноосунун Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимдин (INF) жоопкерчиликтерин бузбагандыгын жактаган Жонатан Коэн, АКШнын Орусия жана Кытай дагы кошулган таасирдүү келишмди сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди.

АКШ, Орусиянын Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимди (INF) бузганын себеп көрсөтүп келишимден бир жактуу түрдө чыкканын жарыялаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да бул айдын башында Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча келишимдин расмий түрдө соңуна чыкканын жарыялаган.

Ушул боюнча АКШ, 19-августта 500 чакырымдан ашык аралыкка уча алган жаңы орто аралыкка учуучу ракетасын сынагандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар