Чегирткелер жайылууну улантууда

Батыш Африка жана Африка мүйүзү өлкөлөрүндө июнь айынан баштап чегиртке чабуулунун экинчи толкунунун болушу күтүлүүдө.

1426155
Чегирткелер жайылууну улантууда

Батыш Африка жана Африка мүйүзү өлкөлөрүндө июнь айынан баштап чегиртке чабуулунун экинчи толкунунун болушу күтүлүүдө.

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен күрөш улантылып, чегирткелер басып алган өлкөлөрдө жаңы бир коркунучту жаратууда.

Бул жылдын алгачкы айларында  Чыгыш Африкада, Араб жарым аралында жана Булуң өлкөлөрүндө таасирдүү болгон чөл чегиркелери эми Пакистан, Индия менен Россияга жайылууда.

Бир канча ай мурда Чыгыш Африка жана Африка мүйүзү өлкөлөрүндө чыккан жана 20 миллион кишини тамак  - аш  коопсуздук коркунучу менен бетме  - бет алып келген чегирткелердин материкти экинчи жолу капташы мүмкүн экени айтылууда.

БУУнун тамак  - аш жана айыл – чарба уюму ФАО берген маалыматта акыркы божомолдордун негизинде июнь айынан баштап Батыш Африкада чегирткелердин экинчи жолу каптай турганы боюнча эскертти.

Чегирткелердин таасирин азайтууга карата иштерге көңүл бурган ФАОнун божомолуна караганда 300 – 500  000 гектардык аянтта текшерүү операцияларынын жүргүзүлүшү максат кылынууда.

 



Тектеш кабарлар