Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 644кө жогорулады.

1571384
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

 Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 миллион 152 338ден  жогорулады. Бейтап саны 100  миллион 381 000ден, айыккандардын саны 72  миллион 425 000ден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 644кө жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 10 миллион 679 000 жетти.

Россияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны бир күндө  564кө көбөйүп 70 482 болду. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде вирус жуккан киши саны да 18 241ге өсүп 3 миллион 756 000ге жогорулады.

Израилде Ковид  - 19дан 4 498 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 606 365ке жетти. Израилде Pfizer жана BioNTech иштеп чыккан вакцинанын экинчи дозасы берилген 128 000 кишиден 20 кишиге вирус жуккан.

Палестинада эпидемиядан  1967 киши каза болуп, 175 416 кишиге вирус жуккан.

Ливияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 1782ге, бейтап саны 114 429ге жетти.

Иракта вирустан улам 13010 киши каза болгон болсо бейтап саны да 615  385  болду.

Бириккен Араб Эмираттарында Ковид  - 19дан 798 киши каза болуп, 281 546 киши вирус жуктурган.

Кувейтте эпидемиядан улам 954 киши каза болсо, бейтап саны да 161 777ге  жогорулады.

Катарда коронавирустан 248 киши өмүрөнөн ажырап, 149 296 киши вирус жуктурду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында вирустан 14 киши каза болду. 24 сатта 32 жаңы учур катталды жана вирус жуктурган киши саны 2071ге жогорулады. Түркия курган Лефкоша чукул абалдар ооруканасы коронавирус бейтаптарына кызмат кыла баштады. 

Тажикстандын президенти Имомали Рахман эпидемиядан улам өткөн жылы өлкөнүн экономикалык рецессия жана көбөйгөн жумушсуздук маселелери менен  бетме  - бет экендигин белгиледи. Рахман айдын башынан бери Ковид  - 19 бейтаптары болбогон Тажикстанда эпидемия таасирин жоготсо да жарандардын беткап колдонууларын жана медициналык эрежелерге баш ийүүлөрүн суранды.

Индонезияда эпидемиядан каза болгондордун саны 28 468, бейтап саны да 1 миллион 12 350 деп катталды.

Африка Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу жана Түштүк Африканын мамлекет башчысы Рамафоса коронавирус менен күрөшүүдө вакцина улутчулдугунун улантылышынын бардык өлкөлөрдүн кутулушун коркунучка салганын айтты.

Пакистанда Ковид  - 19дан 11 376, Филиппиндерде 10 386, Бангладеште 8 055 , Сауд Арабиясында 6 355, Японияда 5 084 киши каза болду.  



Тектеш кабарлар