Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид - 19 дагы деле күчүндө

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 миллион 662 300дөн жогорулады.

1426109
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид  - 19 дагы деле күчүндө

Коронавирустан жалпы дүйнөдө каза тапкандардын саны 366 920дан ашып, вирус жугузгандардын саны 6 миллион 35 350гө жетти. Айыккандардын саны 2 миллион 662 300дөн жогорулады.

Түштүк Кореяда коронавирус жугузгандардын санында өсүүнүн болушу менен бир канча убакыт мурда ачылган 500дөн ашуун мектеп кайрадан жабылды. Саламаттык сактоо министри Парк Неунг  - ху борбор шаар Сеул жана тегерегиндеги шаар аянтындагы парктар, өнөр галереялары, музейлер менен театрлардын эки жумалыгына кайрадан жабылганын белгиледи. 269 киши каза болгон өлкөдө вирус жугузгандардын саны 11 344төн ашты.

Филиппиндерде мамлекет башчысы Родриго Дутерте борбор шаар Манилада эки айдан бери болуп келе жаткан карантинанын дүйшөмбүдөн тарта жеңилдетилерин белгиледи. Жаңы тартипке карата  кээ бир иш жерлери ачылат жана коомдук транспорт кайрадан ишин баштайт. Аралыкты коргоо жана бет кап тагуу сыяктуу чаралар улантылып, мектептер азырынча ачылбайт.

Пакистанда  акыркы 24 саатта вирустан улам каза болгондордун саны 57 кишиге көбөйүп, 1317ге жетип, вирус жугузгандардын саны 2 636га жогорулап жалпы саны 64 0 28ге чыкты. Өлкөдө Ковид  - 19 чараларынын негизинде 21 -  мартта тыюу салынган аба жолу транспорту кечээ түндөн баштап жоюлду.

Ушул кезге чейин  вирустан 5 киши каза болгон Ливияда 118 киши вирус жугузду. Өлкөнүн түштүк – батышындагы Гат жана Гадамис шаарларында 13 жаңы бейтаптын катталышы менен бул шаарлар кирип  - чыгууларга жабылды.

 

 



Тектеш кабарлар