COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1519179
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 193 миңден ашты. Жуктургандардын саны 45 миллион 921 миңге, айыккандардын саны болсо 33 миллион 252 миңге жетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 235 миң 159, ал эми жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 316 миң деп катталды.

Улуу Британияда Ковид-19дун себебинен каза болгон адамдардын саны 46 миң 229ду түздү. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 989 миң 745ке жетти.

Италияда Ковид-19дан улам көз жумгандардын саны 38 миң 321, ал эми жуктургандардын саны 647 миң 674 болду.

Францияда пандемиянын кесепетинен адам өлүмү 36 миң 565ке жогорулады. Өлкөдө илдетке чалдыккан адамдардын саны 1 миллион 331 миң деп катталды.

Испанияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 35 миң 878ге жетти. Ооруга кабылгандардын саны болсо 1 миллион 264 миңди түздү.

Португалияда пандемиянын кесепетинен көз жумган адамдардын саны 2 миң 468ге, жуктургундардын саны да 137 миң 272ге жетти.

Пандемиянын айынан 11 миң 452 адам каза болуп, жуктургандардын саны 412 миң 314тү түзгөн Бельгияда базарлардан жана дарыканалардан тышкары дүкөндөрдү жабуу чечими кабыл алынды.

Польшада вирустун айынан көз жумган адамдардын саны 202ге көбөйүп жалпы 5 миң 351ге жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта бейтаптардын саны 21 миң 629га көбөйүп вирус жуктургандардын саны 340 миң 384 деп катталды.

Австриянын Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган акыркы маалыматтарга караганда, 24 сааттын ичинде Ковид-19дан улам өлкөдө адамдардын өлүмү 26га көбөйүп жалпы  1 миң 82ге жетти. Өлкөдө 5 миң 627 жаңы учур катталып жалпы 99 миң 576га жетти.

Чехияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 2 миң 862ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 310 миң 68ге көбөйдү.



Тектеш кабарлар