ДЕАШ дрон колдонууну көбөйттү

БУУнун Террор менен күрөшүү бөлүмүнүн директору Владимир Воронков БУУнун Коопсуздук Кеңешине берген брифингинде, ДЕАШтын дагы деле коркунуч туудурганын эскертти.

1865980
ДЕАШ дрон колдонууну көбөйттү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) террордук уюм ДЕАШтын акыркы бир жылда учкучсуз учуучу аппараттарды (дрон) колдонуусун олуттуу түрдө арттырганын билдирди.

БУУнун Террор менен күрөшүү бөлүмүнүн директору Владимир Воронков БУУнун Коопсуздук Кеңешине берген брифингинде, ДЕАШтын аймактык көзөмөл жана лидерлигиндеги жоготууларга карабастан дагы деле коркунуч туудурганын эскертти.

Террордук уюмдун акыркы бир жылда өзгөчө Ирактын түндүгүндө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуусун арттырганына көңүл бурган Воронков, уюмдун Сирия, Ирак, Ооганстан, Сомали жана Чад көлүнүн аймагында дагы деле ишин улантканын белгиледи.

Владимир Воронков ДЕАШтын Сирия жана Иракта 10 миңге жакын террористи бар экенин, ошондой эле 25-50 миллион долларлык кирешеге ээ экенин айтты.



Тектеш кабарлар