Дональд Трамп : "Болтон мага тоскоол болуп жаткан"

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматтан алган Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон тууралуу : «Ал мага тоскоол болуп жаткан»,- деп билдирди.

1268998
Дональд Трамп : "Болтон мага тоскоол болуп жаткан"

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматтан алган Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон тууралуу : «Ал мага тоскоол болуп жаткан»,- деп билдирди.

Трамп расмий твиттер эсебинен Флорида сенатору Марко Рубионун : «Бир аз мурдараак Трамп менен сүйлөштүм. Мурунку кеңешчисинин кээ бир пикирлерине кошулбагандыгы  туура бирок президент мага бир топ темада карама - каршы пикирде болушкандарын эсиме салды»,- деген билдирүүсүнөн үзүндү алып бөлүштү.

Президент Трамп : «Негизинен Венесуэла жана өзгөчө Куба тууралуу пикирлерим Жон Болтондун пикирлеринен дагы күчтүү эле. Ал мага тоскоол болуп жаткан»,- деди.

Узун убакыттан бери өзгөчө Венесуэла жана Иран тууралуу Трамп менен келише албагандыгы ортого салынган Жон Болтон шейшемби күнү кызматтан алынган.

Трамп шаршемби күнү Ак үйдө берген маалыматында Болтондун Түндүк Корея үчүн Ливия моделин сунуш кылышын «апаат» деп мүнөздөп, андан кийин бөлүнүшкөндөрүн баса белгилеп : «Ким Чен Ынды бул сунуштан кийин айткандары үчүн күнөөлөй албайм. Жон Болтон менен эч нерсе кылгым келген жок. Бул катуу болуу маселеси эмес. Бул муну айтуу үчүн акылдуу болбоо маселеси эле»,- деген.



Тектеш кабарлар