Дональд Трамп ДСУ менен карым - катнаштарын токтотконун билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп : «Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму менен карым  - катнаштарыбызды акырына чыгаруудабыз»,- деди.

1426062
Дональд Трамп ДСУ менен карым  - катнаштарын токтотконун  билдирди

 АКШнын президенти Дональд Трамп : «Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму менен карым  - катнаштарыбызды акырына чыгаруудабыз»,- деди. Трамп Ак үйдө  пресс  - жыйын өткөрдү.

АКШнын Кытай менен «ачык жана так»  карым  - катнашта болууну калаганын бирок муну аткарып жатып улуттук кызыкчылыктарын коргоосу керектигин белгилеген Трамп : «Кытай өкмөтү бизге  жана бир топ башка өлкөгө берген убадасын аткарган жок. Бул чындыктар көрбөстүккө салына албайт же бир четке түртүлө албайт»,- деди.

Трамп өзгөчө АКШнын «пикирин» да коргоону каалагандарын баса белгилеп : «Өлкөбүздүн маанилүү университет изилдөөлөрүн дагы жакшы коргоо үчүн потенциалдуу коопсуздук коркунуч катары көргөн Кытайдан келген кээ  бир чет элдиктердин өлкөгө киришин токтотуубуз керек»,- деди.

Трамп жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам Кытайды жооптуу деп : «Кытайлык жетекчилер Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмуна карата маалымат берүү жоопкерчилигин орундаткан жок жана дүйнөнү жаңылыш багыттоо үчүн Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмуна кысым жасады»,- деген.

Трамп  : «Кытай Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмуна үстөмдүк кылууда. АКШ Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмуна жылда  450 миллион доллар фонд берип, Кытай 40 миллион доллар гана төлөдү. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан  негизги реформаларды аткаруусун сурандык бирок алар аракетке өтүүнү четке какты. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму муктаж болгон реформаларды аткарбаганы үчүн  биз да бүгүн Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму менен карым  - катнашыбызды токтотуп жатабыз. Бул уюмга берилген фонддорду ылайык болгон чукул глобалдык өзгөчө кырдаалдарга  өткөрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар