Дональд Трамп : "Моралестин арызын бери батыш жарым шардын демократиясы үчүн маанилүү окуя"

Боливияда армиянын талабы менен мамлекет башчысы Ево Моралес кызматынан кетти.

1304877
Дональд Трамп : "Моралестин арызын бери батыш жарым шардын демократиясы үчүн маанилүү окуя"

АКШнын президент Дональд Трамп Боливияда армия арыз беришин талап кылгандан кийин Ево Моралестин кызматын таштагандыгына байланыштуу : «Моралестин арызын бериши батыш жарым шардын демократиясы үчүн маанилүү бир окуя»,- деди.  

Трамп жазуу түрүндө берген маалыматында Боливиянын мамлекет башчысы Моралестин арыз беришинин батыш жарым шардын демократиясы үчүн маанилүү окуя экендигин белгилеп : «14 жылга жакын убакытка созулган  Боливия конститутциясы жана калкынын эркин башкаруу аракетининен кийин Моралестин кызматынан кетиши демократияны коргоду жана Боливия калкынын үнүн дүйнөгө угузу үчүн бир жол ачылган болду»,- деди.

«АКШ Боливия калкы эркиндикти талап кылганы үчүн жана Боливия армиясын бир гана кишини эмес, Боливия конститутциясын коргоо убадасына баш ийгендиги үчүн алкыштайт»,- деген Трамп Боливиядагы бул абалдын Венесуэла жана Никарагуадагы «мыйзамсыз режимдерге» карата бир билдирүү экендигин баса белгиледи. Трамп : «Азыркы учурда толугу менен демократиялык, эркин батыш жарым шарга бир кадам дагы жакынбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар