Дубайда учак жерге кулап түштү

Аэропорттогу учуулар кыска мөөнөттүк кечигүүдөн кийин кайра калыбына келди.

1202997
Дубайда учак жерге кулап түштү

Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында кичинекей учактын жерге кулап түшүүсүнөн үчөө англиялык, бирөө түштүк африкалык жалпы төрт киши каза тапты.

Расмий WAM маалымат агенттигинин кабарында, ичинде 4 киши болгон Diamond DA42 үлгүсүндөгү учактын Дубай эл аралык аэропортунда жерге кулап түшкөнү белгиленди.

Учакта үчөө англиялык, бирөө түштүк африкалык жалпы төрт кишинин болгону билдирилсе, аэропорттогу учуулардын кыска мөөнөттүк кечигүүдөн кийин кайра калыбына келгени маалымдалды.

Дубай өкмөтүнүн медиа бөлүмүнүн билдирүүсүндө болсо учактын техникалык бузулуунун себебинен түшкөн болушу мүмкүн экени белгиленди.

 



Тектеш кабарлар