Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 36 миңден ашты

Коронавирус жайылуусун улантып жатат.

1388050
Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 36 миңден ашты

Жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 36 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 759 миңден ашты.

Италияда Ковид-19дун себебинен көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 812 киши көбөйүп жалпы 11 миңге, вируска чалдыккандардын саны болсо 100 миңге жетти.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны 3 миң 24кө жогорулады. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 44 миң 450гө жетти.

Вирустун себебинен 560 адам көз жумган Германияда каза тапкандардын 15и түрк. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны болсо 64 миңден ашты. Бул учурда канцлер Ангела Меркелдин үчүнчү тестинен да вирус аныкталган жок.

Англияда коронавирустан көз жумгандардын саны бир күндүн ичинде 180 киши көбөйүп 1 миң 408ге жетти.  

АКШда болсо жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 2 миң 513кө, ооруга чалдыккандардын саны 143 миң 55ке жогорулады. Бул учурда жаңы эпидемиянын Нью-Йорктон кийинчи экинчи борборунун Вашингтон DC аймагы жана айланасы болушу мүмкүн экени боюнча эскертилди. Нью-Йорктогу көрүнүш да оор бойдон. Аймакта вирустан каза тапкандардын саны миңден ашты. Ооруну жугузуп алгандардын саны болсо 66 миң 497ге жеткендиги кабарланды.

 



Тектеш кабарлар