Дүйнөдөгү өлкөлөр коронавируска каршы ар түрдүү чараларды көрүүдө,бирок вирус тушала элек...

Акыркы 24 саатта дагы 889 киши каза тапкан өлкөдө вирустун себебинен каза болгондордун саны 10 миң 23кө, жуктуруп алгандардын саны 92 миң 472ге жетти.

1387158
Дүйнөдөгү өлкөлөр коронавируска каршы ар түрдүү чараларды көрүүдө,бирок вирус тушала элек...

Жаңы типтеги коронавирустун себебинен (COVID-19) Италияда каза тапкандардын саны 10 миңден ашты.

Акыркы 24 саатта дагы 889 киши каза тапкан өлкөдө вирустун себебинен каза болгондордун саны 10 миң 23кө, жуктуруп алгандардын саны 92 миң 472ге жетти. Италияда карантин чара көрүүлөрүнүн мөөнөтү узартылат. Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте, Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында мэрияларга жана муктаждарга жардам бериле турганын жарыялады. Италиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Пьерпаоло Силери, жаңы типтеги коронавирус жуккандарда алдыдагы 7-10 күндүн ичинде олуттуу төмөндөөнү байкоону күткөндөрүн айтты.

Испанияда каза тапкандардын саны 6 миң 528ге жогорулап, жуктуруп алгандарлын саны 73 миң 235 болду.

Францияда болсо COVID-19дан каза такпандардын саны 2 миң 314кө жогорулады. 37 миң 575 кишинин арасынан  реанимацияда жаткандардын саны 4 миң 273кө жетти. Айыгып чыккандарлын саны 6 миң 624 болду. Премьер-министр Эдуард Филипп пандемия тууралуу: «Күрөш жаңы башталууда. Апрель айынын алгачкы 15 күнү, өткөн 15 күндөн дагы татаал болот»,-деди. Өлкөдө вирус ылдам жайылып баратканын, жуктуруп алгандардын саны ар 3-4 күн сайын эки эсеге көбөйгөнүн айткан Филипп, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышында медицина факультетин бүтүргөн доктурларга да кайрыла тургандарын белгиледи. Саламаттык сактоо министри Оливиер Веран болсо, саламаттык сактоо кызматкерлерине бет кап жетишисиздигин себебинен өндүрүштү арттыргандарын, бир миллиарддан ашуун бет кап буюртма кылгандарын айтты.

Германияда 433 киши жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) себебинен каза болуп, жуктуруп алгандардын саны болсо 57 миң 695 болду.

Нидерландияда COVID-19дун себебинен каза болгондордун саны 771ге, жуктуруп алгандардын саны 10 миң 866га жетти. Бул өлкөдө COVID-19 пайда болгон 27-февралдан бери каза тапкандардын арасында 14 түрк да бар.

Бул учурда Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, ЕБнин COVID-19 кризисинин башында мүчө өлкөлөрдүн бир беткей мамиле кылууларынын себебинен «боштукта» калганын белгилеп, Биримдиктин бул «кризисте өзүнө келүү мүмкүнчүлүгү болгонун» айтты. Фон дер Ляйен, немис маалымат агенттигине берген маалыматында Биримдиктин ичинде дагы көп колдошуу чакырыгын салды.

Англияда дагы 209 киши вирустун себебинен каза болушу менен каза болгондордун саны 1128ге жетти. Жуктуруп алгандардын саны 17 миң 89 болду.

АКШда  24 саатта 480 киши каза тапты. Акыркы көрсөткүчтөрдө каза болгондор 2191, жуктургандар 123776  деп белгиленди. Президент Дональд Трамп, жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында эң көп каза болгон жана жуктургандар катталган Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикут штаттарын мажбур каратинге ала тургандарын жарыялады. 3 штатта жашагандар үчүн «14 күн бою зарыл болбогон бардык саякаттарын токтотуулары» боюнча эскертилди. АКШнын Лос Анжелес шаарында COVID-19 белгилери менен кайрылган медицияналык пункттан «камсыздандыруусу болбогондуктан» каралбай калган жаш улан каза болду. БУУ АКШда жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын чордонуна айланган Нью-Йорктогу саламаттык сактоо кызматкерлерине 250 миң бет кап жардамын бермей болду.

Бул учурда Нью-Йоркто 28-апрелде өтүшү пландалган 2020-жыл президенттикке алдын ала шайлоолор пандемиянын себебинен июнь айына жылдырылды.

Канадада премьер-министр Жастин Трюдонун эки апта мурда COVID-19 аныкталган жубайы айыкты. Софи Грегуар Трюдо, социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө, өзүн дагы жакшы сезгенин билдирди. Өлкөдө 60 киши Ковид-19дун себебинен каза тапты, 5 миң 655 кишиге вирус жуккандыгы аныкталды, 508 киши айыкты.

Жаңы Зеландия жана Уругвайда жаңы типтеги коронавирустан келип чыккан алгачкы өлүмдөр катталды.

Коронавирустун себебинен 16 киши каза тапкан Австралияда COVID-19 бейтаптарынын атайын бир монитор системасы менен үйлөрүндө дарыяланышын көздөгөн пилот проект үчүн шымаланып киришти. Жергиликтүү « The Age» гезитинин кабарына караганда «виртуалдык оорукана» деп аталган долбоор менен реанимациядан тышкаркы дарыланып жаткан Ковид-19 бейтаптары, үйлөрүнө жайгаштырыла турганы атайын система менен байкалат.

Бир тараптан Бельгияда 353, Швейцарияда 264, Барзилияда 114, Швецияда 105, Португалияда 100, Австрияда 68, Филиппинде 68, Данияда 65, Канадада 60, Румынияда 37, Ирдандияда 36, Грецияда 32, Норвегияда 23, Аргентинада 19, Польшада 18, Люксембургда 18, Перуда 16, Мексикада 16, Венгрияда 13, Сербияда 10, Албанияда 10, Словенияда 9, Литвада 7, Болгарияда 7, Босния-герцеговинада 6, Хорватияда 5, Түндүк Македонияда 4 киши коронавирустун себебинен каза тапты.



Тектеш кабарлар