Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму эл аралык коомго чакыруу салды

Йеменде 5 жылга жакын убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларда миңдеген киши каза болду.

1268528
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму эл аралык коомго чакыруу салды

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму каржылоонун жетишсиздигинен Йеменде миллиондогон баланын өмүрүн коркунучта экендигин белгилеп, эл аралык коомду берген убадаларын орундатууга чакырды.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Йемендеги офисинин твиттер эсебинен берилген маалыматта мекемедеги финансылык кыйынчылыктардын адамдардын саламаттык  сактоо тармагында тейленишине тоскоол болгондугу белгиленди.

Маалыматта Йеменде өмүр куткаруу үчүн берилген убадалардын орундатылышы мажбур экендиги баса белгиленир, каржылоонун жетерсиздигинин айынан миллиондогон йемендик баланын өмүрүн коркунучка салгандыгына көңүл бурулду.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык өкүмдүк кылган Йеменде Иран колдогон хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн арасында кагылышуулар болууда.

Хусилер 2014 -  жылы сентябрдан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алып, Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.

Йеменде 5 жылга жакын убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларда миңдеген киши каза болду. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йеменде жарандык согуштан улам күчөп бара жаткан адамзаттык кризис коркунучтуу өлчөмгө жетти.



Тектеш кабарлар