Филипп Леклерк качкындар жана жер которуулар тууралуу билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Түркия өкүлү Филипп Леклерк кагылышуулар болгон сайын качкындардын боло берерин айтты.

1663308
Филипп Леклерк  качкындар жана жер которуулар тууралуу билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Түркия өкүлү Филипп Леклерк кагылышуулар болгон сайын качкындардын боло берерин айтты.  

Филипп Леклерк "20-июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө" байланыштуу Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Леклерктин айтымында, былтыр дүйнө жүзү боюнча мажбурлоо менен  көчүрүүнүн үзгүлтүксүз өсүшүнүн 9 -  жылы болгондгун белгилеп : «БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын  акыркы жылдык отчетуна караганда коронавирус эпидемиясына карабастан 2020 -  жылы согуштардан, зомбулуктан, зулумдуктан жана адам укуктарынын бузулушунан качкан адам саны 82, 4 миллионго жогорулады»,- деди.

Леклерк 18 жашка чейинки кыз жана эркек балдардын мажбурлоо менен жер которгон адамдардын 42 пайызын түзгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Леклерк өлкөлөрүнөн чыгып кетүүгө мажбур болгон адамдардын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгынын Сирия, Венесуэла, Афганистан, Түштүк Судан жана Мьянмадан келгендигин айтты.

Леклерк Түркиянын 7 жылдан бери 4 миллион качкынды кабыл алгандыгын, алардын  ичинен 3, 7 миллионунун сириялык экендигине көңүлдөрдү бурду.

«Кагылышуулар болгон сайын качкындар да болот. Качкын маселесинин акырына чыгышы үчүн саясий маселелер чечилиши керек. Дүйнө лидерлерин зомбулук жана зулумчулук тарабынан багытталган, 10 жылдан бери келе жаткан жер которууну токтотуу үчүн тынчтыкты, туруктуулукту жана кызматташууну колдоону ылдамдатууга үндөйбүз»,- деди.

Түрк калкынын жана жетекчилердин меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирген Леклерк качкындарга жардам, бардык тармактарда кызматташуу жана диалог тууралуу Түркияны жана мекемелерин колдоо убадасын кайталады.

Леклерк : «Качкындар кризисине кийлигишүү жана качкындарга жардам берүү глобалдык жана жалпы жоопкерчилик. Жер которуунун кыйынчылыктары менен күрөшүү бир  өлкөнүн гана жоопкерчилиги болбошу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар