Гренландияда мөңгү ажырап 1 киши каза болуп, 2 киши жараланды

Гренландияда июль айында арткан ысыктыктын айынан 197 миллион тонна муз ээриген.

1268179
Гренландияда мөңгү ажырап 1 киши каза болуп, 2 киши жараланды

Дания королдугуна караштуу дүйнөнүн эң чоң аралы Гренландиянын батышындагы Уумманнак аймагына жакын мөңгүлөрдүн ажырашы менен бир балыкчы каза болуп, экөөсү жоголду.

Гренландия полициясынан берилген маалыматта Уумманнак аймагына жакын Уккусисат / Перлиффикте бир мөңгү массасынын  ажырагандыгы жана 3 балыкчынын жоголгондугу тууралуу маалыматтын берилгендиги белгиленди. Жоголгон балыкчылардан бирөөсүнүн сөөгүнүн табылгандыгы, экөөсүн издөө иштеринин улантылып жаткандыгы билдирилди.

Маалыматта ажыраган мөңгүлөрдүн деңизде чоң толкундарды пайда кылгандыгына басым жасалып, аймак калкы ажыроо коркунучу болгон мөңгүлөрдөн алыс туруулары боюнча эскертилди.

Аянты жактан дүйнөнүн эң чоң аралы болгон жана Түндүк уюлдун бети эң көп муз массасы менен капталган аймагы болгон Гренландиянын мөңгүлөрү глобалдык ысынуунун айынан болжолдолгондон дагы ылдам ээрип жатат.

Американын медиа мекемеси CNNде орун алган кабарга караганда Гренландияда июль айында арткан ысыктыктын айынан 197 миллион тонна муз ээриген.



Тектеш кабарлар