Грецияда медициналык кызматкерлери иш таштоого чыгышты

Грецияда дарыгерлер  жана медициналык кызматкерлери «үнөмдөө» чаралары менен иштөө шарттарына нааразычылык билдирүү үчүн иш таштоого чыгышты.

1663317
Грецияда медициналык  кызматкерлери иш таштоого чыгышты

 Грецияда дарыгерлер  жана медициналык кызматкерлери «үнөмдөө» чаралары менен иштөө шарттарына нааразычылык билдирүү үчүн иш таштоого чыгышты.

Греция мамлекеттик ооруканалардын кызматкерлери федерациясынын чакыруусу менен 5 сааттык иш таштоо митингине барган дарыгерлер менен медициналык кызматкерлер борбор Афинада эмгек министрлигинин имаратынын алдында жолугушту.

Саламаттыкты сактоо системасына нааразычылык билдирген жүздөгөн медицина кызматкери андан кийин саламаттыкты сактоо министрлигине карай жүрүштү.

Греция мамлекеттик ооруканалардын кызматкерлери федерациясынын төрагасы Михалис Яннакос топтун атынан сөз сүйлөп : «Эпидемия менен күрөшүүдө башкалардын өмүрүн куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган медициналык кызматкерлер эми оорулуу саламаттыкты сактоо системасына каршы күрөшүүдө»,- деди.

Иштөө шарттарынын жакшыртылышы үчүн күрөшүүнү улантышарын белгилеген Яннакос дагы көптөгөн медициналык  кызматкердин саламаттык сактоо системасына киргизилиши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар