Грецияда университет студенттери полиция менен кагылышууга кирди

Грецияда Афина экономикалык университетинде сабактардын 17  -  ноябрга чейин токтотулушуна байланыштуу чечимге студенттер каршы чыгышты.

1304921
Грецияда университет студенттери полиция менен кагылышууга кирди

Грецияда Афина экономикалык университетинде сабактардын 17  -  ноябрга чейин токтотулушуна байланыштуу чечимге каршы чыккан студенттерге полиция кийлигишти.

Борбор шаар Афинадагы университеттин сенаты тарабынан 11 – 17 -  ноябрь күндөрүнүн ортосунда сабактарды токтотуу чечиминен кийин университетке кирүүгө аракет кылган 100 кишилик группа менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты. Полиция группаны таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана үн бомбаларын колдонду. Коопсуздук күчтөрү тарабынан мурунку күнү университетте жүргүзүлгөн операцияда көп сандаган маска, таш жана таяктар табылган.

 



Тектеш кабарлар