Гутерриш Эрсин Татарды куттуктады

Гутерриш Татарга «Кипр түрк коомчулугунун лидерлигине» шайланышынан улам куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

1519182
Гутерриш Эрсин Татарды куттуктады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерриш Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти болуп шайланган Эрсин Татарды куттуктады.

Президенттиктин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Гутерриш Татарга «Кипр түрк коомчулугунун лидерлигине» шайланышынан улам куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

Гутерриш билдирүүсүндө, Татар менен Рум жетекчилигинин лидери Никос Анастасиадистин 3-ноябрь күнү кечинде расмий эмес жыйында жолуга тургандыгын баса белгилеп, бул жолугушуунун натыйжалуу болушун каалады.

ТКТРда 18-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 51,69 пайызын алып Түндүк Кипрдин 5-президенти болуп шайланган Татар 23-октябрда бул кызматка киришкен. 



Тектеш кабарлар