Япония кээ бир өлкөлөрдөн келген кишилердин өлкөгө киришине тыюу салды

Японияда жаңы тип коронавируска каршы АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европанын көпчүлүк өлкөсүнөн жүргүнчүлөрдүн өлкөгө киришине тыюу салынары билдирилди.

1388340

Улуттук медиада чыккан кабарларга караганда пресс  - жыйын өткөргөн тышкы иштер министри Мотеги Тошимитсу Японияга киришине тыюу салына турган өлкөлөрдүн тизмезинин кеңейтилгендигин билдирди. Министр Мотеги АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана дээрлик бардык Европа өлкөлөрүндө акыркы 14 күндө саякатта болгон жүргүнчүлөрдүн Японияга киришине  тыюу салынгандыгын маалымдады. Ушунун негизинде

АКШ, Канада, Европадан Британия, Греция жана Тынч океандан Түштүк Корея менен Кытай кошулган тизме жалпы 73 өлкөгө жетти. Бир тараптан көрүлгөн чаралардын негизинде саякатка барбоого чакырылган өлкө тизмеси да кеңейтилди. Ушунун негизинде Япониянын жарандарына АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана башка 50гө жакын өлкөгө саякат кылуудан алыс болуу эскертилди.

Тектеш кабарлар