ЕБ Жакынкы Чыгыш менен Түркияга 385 миллион евро бөлдү

ЕБ Комиссиясы 2021-жылдагы гуманитардык жардам программаларына бөлүнө турган бюджеттин аныкталганын билдирди.

1571629
ЕБ  Жакынкы Чыгыш менен Түркияга 385 миллион евро бөлдү

Европа Биримдиги (ЕБ), 2021-жылкы гуманитардык жардам бюджетинен Жакынкы Чыгыш менен Түркияга 385 миллион евро бөлдү.

ЕБ Комиссиясы 2021-жылдагы гуманитардык жардам программаларына бөлүнө турган бюджеттин аныкталганын билдирди.

Буга ылайык, өткөн жылы 900 миллион евро болгон гуманитардык жардамдын көлөмү быйыл 1,4 миллиард еврону түздү.

Бюджеттен Африкадагы Нигерия, Нигер, Камерун, Чад, Буркина Фасо, Мали, Мавритания, Түштүк Судан, Борбордук Африка Республикасы, Сомали жана Эфиопия сыяктуу кризистерден жапа чеккендердин ар кандай муктаждыктарына 505 миллион евро бөлүндү.

Сирия кризисинен жабыркаган Жакынкы Чыгыш жана Түркия менен гуманитардык кризиске туш болгон Йеменге да 385 миллион евролук гуманитардык жардам бөлүндү.

Венесуэла жана Колумбия менен Ооганстан, Бангладеш жана аракандык качкындарга 180 миллион евро бөлүндү.

Украина, Батыш Балкан өлкөлөрү жана Кавказдагы кризистерге багытталган долбоорлорго 28 миллион евро бөлүнсө, 302 миллион евро күтүлбөгөн гуманитардык кризистер үчүн которулду.



Тектеш кабарлар