ЕП Жакынкы Чыгышка курал сатууну чектөө чечимин чыгарды

Франциянын Страсбург шаарында уланган ЕП Башкы Ассамблеясында Бириккен сол фракциянын (GUE/NGL) немис мүчөсү Сабина Лёсинг даярдаган отчет жана тема тууралуу токтом долбоору сүйлөшүлүп бекитилди.

1088231
ЕП Жакынкы Чыгышка курал сатууну чектөө чечимин чыгарды

Европа Парламентине мүчө өлкөлөр, Сауд Арабиядан баштап Жакынкы Чыгыштагы кагылышуу болгон аймактарга курал эмбаргосун киргизүү жана курал сатууларында тыгыз текшерүүнү ишке ашыруу чакырыгын салды.

Франциянын Страсбург шаарында уланган Башкы Ассамблеясында Бириккен сол фракциянын (GUE/NGL) немис мүчөсү Сабина Лёсинг даярдаган отчет жана тема тууралуу токтом долбоору сүйлөшүлүп бекитилди.

150 каршы 427 кабыл жана 97 арсар добушу менен кабыл алынган токтомдо мүчө өлкөлөрдүн экспорттолгон куралдардын көзөмөлдөнүүсүндө ийгиликтүү боло албаганын, курал экспортунда дагы көп ачыктык жана эрежелер бузулган учурунда санкция мезханизминин процесске киргизилиши керектиги баса белгиленди.

Токтомдо Европа Биримдигинен чыккан куралдардын, Йемендеги кагылышууларды күчөткөнү жана ушул себептен Сауд Арабия баштаган коалицияга эмбарга киргизилиши чакырыгы салынды.

ЕБ өлкөлөрүнүн курал экспортун белгилеген эрежелердин тыкыр ишке ашырылышын камсыздай турган таасирдүү механизмге муктаждык бар экени белгилеген токтомдо, мүчө өлкөлөрдүн бул эрежелерди системалуу түрдө бузганына басым жасалды.

Токтомдо, ЕБ өлкөлөрүнүн биргелешкен курал экспортун белгилеген 8 эрежеден алтоонун бузулганы, Йемендеги деңиз блогун ЕБи саткан согуштук кемелер камсыздаганы жана Йемен калкы тарткан азаптарга себеп болгон бомбалоолордун дагы ЕБне мүчө өлкөлөр тарабынан сатылган учак жана бомбалар менен жүргүзүлгөнү белгиленди.

ЕПне мүчөлөр, Германия жана Нидерландиянын Сауд Арабияга курал эмбаргосун киргизүү чечиминин канагаттандыраарлык болгонун белгилеп, бардык мүчө өлкөлөрдөн Коалиция мүчөлөрүнө бирдей эмбарго киргизүү чакырыгы салынды.

ЕБ, курал сатуусу тизмелөөсүндө АКШдан кийин экинчи орунда турат.

Дүйнөдөгү куралдардын 27 пайызын өндүрүп саткан ЕБ, бул сатуулардын 40,5 пайызын Жакынкы Чыгышка жана Түндүк Африкага жасады.

19-жылдык курал экспорту отчетунда, бул сатуулардын 57,9 миллиард еврого жеткен чоң бөлүгүнүн Сауд Арабия, Египет жана Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) жасалганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар