Европа Биримдиги жаңы түзөтүүлөрдү кабыл алды

ЕБ чукул чараларды бекитти.

1388020
Европа Биримдиги жаңы түзөтүүлөрдү кабыл алды

Европа Биримдиги, жаңы типтеги коронавирустун себебинен 37 миллиард евролук фонд түзүлүүсүн жана учууга уруксат эрежелеринин токтотулушун камтыган чукул чараларды бекитти.

Европа кеңеши, коронавируска байланыштуу атайын чараларды камтыган түзөтүүлөрдү кабыл алгандыгын жарыялады.

Буга караганда Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Инвестициялык демилгеге Европа Биримдигинин бюджетинен 37 миллиард евролук каражат которулат. Мүчө өлкөлөр, бул каражаттын негизинде саламаттык сактоо системаларын жана бизнестерин тез арада колдоого ала алышат.

Табигый кырсыктарда пайдалануу үчүн түзүлгөн Европа Биримдигинин тилектештик фонду, Ковид-19 сыяктуу коомдук саламаттыкка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарда да колдонулса болот.

Авиакомпаниялар аткарууга тийиш болгон учууга уруксат (slot) эрежелери, 1-марттан 24-октябрга чейин токтотулат.

Бул түзөтүүлөр Европа Биримдигинин расмий гезитинде жарыялангандан кийин 1-апрелде күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар