Европада маймыл чечеги менен ооругандардын саны 17 миң 509га жетти
Бейтаптардын 40 пайызы 31-40 жаштагылар, 24 пайызы 41-50 жаштагылар, 23 пайызы 18-30 жаштагылар арасында аныкталган.
Европа өлкөлөрүндө аныкталган маймыл чечеги вирусунан ооругандардын саны 17 миң 509га жеткендиги билдирилди.
Европа Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору менен Дүйнөлүк Cаламаттыкты Сактоо Уюмунун биргелеше алып барган изилдөөсүнө караганда Европадагы 35 өлкөдө 9 - августтан тарта аныкталган 17 миң 509 маймыл чечеги бейтабынын 99 пайызы эркектерден чыкты.
Бейтаптардын 40 пайызы 31-40 жаштагылар, 24 пайызы 41-50 жаштагылар, 23 пайызы 18-30 жаштагылар арасында аныкталган.
Испания, Германия, Англия жана Францияда 13,000ден ашуун бейтап катталды.
Испанияда 5 миң 162, Германияда 2 миң 982, Англияда 2 миң 973, Францияда 2 миң 423 кишинин маймыл чечек вирусуна чалдыккандыгы белгиленди.
Бейтаптардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери болгон исиркектер, ошондой эле ысытма, чарчоо, булчуңдардын жана баш ооруу, чыйрыгуу сыяктуу белгилер байкалган.