Европада маймыл чечеги

Европадагы 35 өлкөдө 9-августтан тарта аныкталган 17 миң 509 маймыл чечеги учурунун 99 пайызы эркектерде байкалды.

1866742
Европада маймыл чечеги

Европа өлкөлөрүндө маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны 17 миң 509га жетти.

Европанын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (ECDC) менен Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) биргелешкен изилдөөсүнө ылайык, Европадагы 35 өлкөдө 9-августтан тарта аныкталган 17 миң 509 маймыл чечеги учурунун 99 пайызы эркектерде байкалды.

Ооругандардын 40 пайызын 31-40 жаш, 24 пайызын 41-50 жаш, 23 пайызын болсо 18-30 жаш курактагылар түздү.

Учурлардын 13000ден ашууну Испания, Германия, Улуу Британия жана Францияда катталды. Эң көп учур Испанияда аныкталды. Бул өлкөдө маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны 5 миң 162, Германияда 2 миң 982, Британияда 2 миң 973, Францияда 2 миң 423кө жеткени белгиленди.

Бейтаптардын көбүндө исиркектер, ысытма, чарчоо, булчуң жана баш ооруу, чыйрыгуу сыяктуу белгилер байкалды.

Вирус жуктурган 544 адамдын ооруканага жеткирилгендиги, 163 адам ооруканада дарыланып, 3 адамдын реанимацияда жаткандыгы айтылды. Реанимацияга түшкөндөрдүн 2синин каза тапканы билдирилди.



Тектеш кабарлар