Йеменде ачкачылык

Йеменде 22 миллион киши  тамак  - аш коопсуздугу жок, 12 миллион киши болсо ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет.

1130003
Йеменде ачкачылык

Йеменде 22 миллион киши  тамак  - аш коопсуздугу жок, 12 миллион киши болсо ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет.

Ливандын борбор шаары Бейрутта өткөрүлгөн Араб лигасынын экономика жана социалдык өнүгүү саммитинде сөз сүйлөгөн Йемен өнөр жай жана соода министри Мухаммед Абдулвахид ел  - Маитими 29 миллион өлкө калкынын 3 жарым миллионунун үйлөрүнөн көчүп кетүүгө мажбур болгондугун белгиледи.  

Мухаммед ел  - Маитими үйлөрүнөн көчүүгө мажбур болгондордун 500 миңинин өлкө тышына чыккандыгын билдирди. Йемендин ичиндеги экономикалык шарттар тууралуу да маалымат берген Мухаммед ел  -  Маитими улуттук кирешесинде жарымынан дагы көп төмөндөө болгондугун жана миллиондогон кишинин да жумушун жоготкондугун баса белгиледи.

Мухаммед ел  - Маитими экономикалык шарттардын чанарлоосу жумушчулардын 80 пайызынын жумушсуз жана кирешесиз калгандыгына себеп болгондугун да айтты. Йемен башкарууда дагы көп сөз ээси болууну каалаган, Иран колдогон хусилердин 2014 -  жылдын акыркы айларында куралдын күчү менен бийлигин күчтөндүрүшү жана борбор шаар Санада өкмөткө карата козголоң кыймылын ишке ашырган.

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалициянын да 2015-  жылы март айында хусилерге каршы операциянын баштатылышы менен өлкөдөгү келишпестик барган сайын күч алды.

4 жылды артта калтырган согуш Йемендин күчсүз экономикасын жана базисин кулоо деңгээлине алып келди жана БУУ тарабынан «дүйнөнүн эң чоң адамзаттык апааты» деп аныкталган трагедияга айланды.



Тектеш кабарлар