Индия Кытайга каршы С-400 абадан коргонуу системасын ишке киргизүүдө
Hindustan Times гезити коргонуу кызматкерлерине таянган кабарында Орусиядан алынган С-400 Triumph өнүккөн абадан коргонуу системасынын жайгаштырылышынын уланып жатканы белгиленди.
Индия Орусияда жасалган С-400 абадан коргонуу системасынын биринчи бөлүгүн апрель айында ишке киргизет.
Hindustan Times гезити коргонуу кызматкерлерине таянган кабарында Орусиядан алынган С-400 Triumph өнүккөн абадан коргонуу системасынын жайгаштырылышынын уланып жатканы белгиленди.
Системанын 5 бирдигинин тең Кытайдан келе турган коркунучтарга каршы эки өлкөнүн чек арасына жайгаштырыла турганы билдирилип, биринчи бөлүмдүн апрель айында, калган 4 бирдиги 2023-жылы ишке кирери айтылды.
Маалыматта Жаңы Дели жетекчилигинин 3 миң 488 чакырымдык Кытай чек арасында коркунучтарга туш болгон Индиянын Орусиядан курал сатып алышына каршы болгон АКШга С-400дү дипломатиялык жана коопсуздук каналдары аркылуу улуттук кызыкчылыктар үчүн сатып алганы билдирилди.
Индия 2018-жылдын октябрь айында Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын 4,5 миллиард долларга сатып алган.
Hindustan Times гезити С-400 системаларынын биринчи батареялары өткөн айда Пенджаб провинциясында орнотулганын билдирди.