Индия менен Кытай армияларынын ортосунда араздашуу чыкты

Аскердик булактардан алынган маалыматка караганда бригада командирлеринин деңгээлинде  өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин араздашуулар акырына чыкты.

1268442
Индия менен Кытай армияларынын ортосунда араздашуу чыкты

Индия жана Кытай аскерлеринин ортосунда эки өлкөнүн чек арасындагы иш жүзүндө контролдоо жолундагы Пангонг көлүнүн тегерегинде келишпестик чыкты.

Times of Indiaда чыккан кабарга караганда Ладахтагы 134 километр узундуктагы Пангонг көлүнүн түндүгүндө күзөттөгү Индия бөлүктөрү көлдүн үчтөн эки бөлүгүн текшерген Кытай аскерлери менен беттешти.

Аскерлерлердин ортосундагы каршылашуу эки тараптын да кошумча бөлүктөрдү чакыруусу менен абал күчөп бир канча убакытка созулду.

Аскердик булактардан алынган маалыматка караганда бригада командирлеринин деңгээлинде  өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин араздашуулар акырына чыкты.

Эки өлкөнүн ортосунда иш жүзүндө контролдоо жолундагы түрдүү мамилелер кээ кээде араздашууларга жол ачууда.

Кытай менен Индиянын ортосунда 3 миң 500 километрдик чек ара бар. Эки өлкөнүн ортосунда 2017 -  жылы июнь айында Кытайдын текшерүүсү астындагы Донглангдагы жол куруу учурунда Индия аскерлери аймакка кирип кийлигишүүсүнүн натыйжасында келишпестик чыккан.



Тектеш кабарлар