Индияда диний иш-чарада 11 киши каза болду

Көлдөгү иш-чара убагында кайык оодарылып кетти.

1268690
Индияда диний иш-чарада 11 киши каза болду

Индиянын Мадхья-Прадеш аймагында, көлдө уюштурулган диний иш-чара убагында кайыктын оодарылып кетишинен 11 киши көз жумду.

Индиянын басма сөзүндө орун алган кабарга караганда полиция кызматы, Бхопал шаарында көлдө уюштурулган иш-чарада кайыктагы Индус теңири Ганешанын айкелин көлгө чөктүрүү учурунда кайыктын оодарылып кетишинен 11 кишинин каза тапканын белгиледи.

Кырсыктан кийин 11 кишинин сөөгүнүн көлдөн чыгарылгандыгын, 6 кишинин да куткарылгандыгын билдирген полиция кызматы, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын маалымдады.

Жооптуу кызматкерлер кырсыкта каза тапкандардын жакындарына кун төлөнө турганын билдиришти.

Жыл сайын миңдеген индус, диний фестивалда дуба кылгандан кийин Ганеша айкелдерин сууга чөктүрүшөт.



Тектеш кабарлар