Индиянын борбор шаары Делиде абанын булганышы

Индиянын борбор шаары Делиде абанын булганышы кайрадан «коркунучтуу» деңгээлге жетти.

1304943
Индиянын борбор шаары Делиде абанын булганышы

Индиянын борбор шаары Делиде абанын булганышы кайрадан «коркунучтуу» деңгээлге жетти.

Индия массалык маалымат каражаттарынын кабарларына караганда борбор шаардагы 37 абанын сапатын иликтөө станциясынын баарына жакыны абанын сапат индексинин 400дөн ашуун экендигин көрсөттү.

Дели аймак башкаруучусу Арвинд Кежривал твиттерден берген маалыматта талаалардын кайрадан өрттөлүшү менен абанын булганышы арткандыгын белгиледи.

Делинин кээ бир аймактарында абанын сапат индекси 800дүн үстүнө чыккан болсо, Ноида, Улуу Ноида, Газиабад, Гургаон жана  Фаридабад сыяктуу жерлердеги абанын булганышы «коркунучтуу» деңгээлге жетти.

Абадагы зыяндуу заттар көлөмүн өлчөгөн PM (бөлүкчөлөрдүн) 2, 5 пайыздык катнашы Индира  Ганди аэропорту жана Лодхи жолунда 400дүн үстүнө чыкты. Дели  башкаруусу элди ачык аба иш чараларды өткөрбөө боюнча эскертти.

Борбор шаардагы  абанын сапатынын эртең дагы да начарлашы күтүлүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар