Индонезияда сел жана жер көчкүлөр

Көз жумгандардын саны 104 кишиге жетти.

1166857
Индонезияда сел жана жер көчкүлөр

Индонезиянын чыгышындагы Папуа провинциясында болгон сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын саны 104 кишиге жетти.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда, аскердик жооптуу кызматкерлер Папуа провинциясынын баш калаасы Жаяпу́рада ишемби күнү таасирдүү болгон катуу жамгырлар алып келген сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандардын санынын 104 кишиге жеткендигин билдиришти.

Үй-бүлөлөрдүн билдирүүсүнө караганда, 206 кишинин дайынсыз жоголгондугун белгилеген жооптуу кызматтагылар, аймакта издеп-куткаруу иштеринин улангандыгын маалымдашты.

Ошондой эле апааттан таасирленген 8 миң 773 кишинин, 18 башка жерде коомдук имараттар сыяктуу ар түрдүү коопсуз жайларга жайгаштырылгандыгы белгиленди.

Муссон жамгырларынан таасир алган, тропикалык климатка ээ болгон Индонезияда жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырлардын себебинен суу ташкындары жана жер көчкүлөр болуп турат.



Тектеш кабарлар