Иракта террордук уюм курган тузакка түшкөн төрт аскер каза болуп, жетөөсү жараланды.

Ирак коопсуздук күчтөрү 2017 -  жылы декабрь айында бул жерлердин көпчүлүк бөлүгүн кайра алган.

1304920
Иракта террордук уюм курган тузакка түшкөн төрт аскер каза болуп, жетөөсү жараланды.

Ирактын чыгышындагы Дияла облусунда ДЕАШ террордук уюм курган тузакка түшкөн төрт Ирак аскери каза болуп, жетөөсү жараланды.

Аскердик булактардан алынган маалыматка караганда аскердик бир бөлүк Ханикин районуна караштуу Каратепе аймагында ДЕАШ террордук уюм курган тузакка түштү. Чыккан кагылышууда төрт аскер каза болуп, жетөөсү жараланды.

Окуя болгон аймакка кошумча аскердик бөлүк жиберилди. Террордук уюм ДЕАШ 2014 -  жылы июнь айында Мусул башта болгон Ирак жерлеринин үчтөн бир бөлүгүн колго алган.

Ирак коопсуздук күчтөрү 2017 -  жылы декабрь айында бул жерлердин көпчүлүк бөлүгүн кайра алган.

ДЕАШ террордук уюм аймактан чыгарылып жана шаарлардын кайра алынгандыгына карабастан уюмдун өзгөчө Керкүк, Дияла, Мусул, Салахаддин жана Энбар аймактарынын элет жерлериндеги кол салуулары улантылууда.



Тектеш кабарлар