Ирактагы митингдерде каза болгондордун саны көбөйүүдө
Зикар провинциясынын борбору Эн-Насыриййе шаарында коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин кагылышуусунда дагы 2 киши каза таап, 18 киши жаракат алды.
Ирактагы митингдерде каза болгондордун саны көбөйүүдө.
Зикар провинциясынын борбору Эн-Насыриййе шаарында коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин кагылышуусунда дагы 2 киши каза таап, 18 киши жаракат алды.
Бир тараптан Зикар полициялык булактарынан алынган маалыматка караганда, бир топ митингчи Ички иштер министрлигине таандык Насыриййе шаарындагы ок-дары сакталган кампаны өрттөп жиберди. Кампадагы айрым ок-дарынын жарылганы белгиленди.
Кечээ күнү да Зикарда коопсуздук күчтөрүнүн митингчилерге кийлигишүүсү убагында 4 киши каза таап, 90 киши жаракат алган.
Ирак парламентине караштуу Адам укуктары комиссиясы тарабынан мындан мурда берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, 1-октябрдан бери өлкөдө уланган митингдерде каза болгон митингчилердин санынын 301ге, жаракат алгандардын санынын 15 миңге жеткени маалымдалган болчу.