Ирактык дыйкандардын эгини өрттөнүп күл болду

Дияладагы өрттүн эмне себептен чыккандыгы азырынча белгисиз болуп, аймактагы террордук уюм ДЕАШтан шектенүүлөр болуп жатат.

1203296
Ирактык дыйкандардын эгини өрттөнүп күл болду

Ирактын Мусул шаарынан кийин бул жолу Дияла аймагында дыйкандардын эгини өрттөнүп күл болду.

Ирак медиасында орун алган кабарларга караганда Дияла аймагынын Ханекин районундагы буудай талааларында түнкү сааттарда себеби белгисиз  өрт чыкты.

Кыска убакытта кенен аянтка жайылган өрттө жүздөгөн гектардык эгин аянты зыян тартты.

Дияладагы өрттүн эмне себептен чыккандыгы азырынча белгисиз болуп, аймактагы террордук уюм ДЕАШтан шектенүүлөр болуп жатат.

ДЕАШ шейшемби күнү Ирактын Мусул аймагында өзүнө салык төлөбөгөн айылдыктардын эгиндерин өрттөгөн.



Тектеш кабарлар