Ирактын түндүгүндө ДЕАШ кол салуусу...

Ирактын Керкүк шаарына караштуу Дакук районунда террор уюму ДЕАШ (ИГИЛ) тарабынан футболдук аянтчага миномет менен кол салуу болду.

1257992
Ирактын түндүгүндө ДЕАШ кол салуусу...

Ирактын Керкүк шаарына караштуу Дакук районунда террор уюму ДЕАШ (ИГИЛ) тарабынан футболдук аянтчага миномет менен болгон кол салууда 5 киши каза таап, 6 киши жаракат алды.

Керкүктүн полиция директорлугунун басма сөз өкүлү Афрасяв Камил, кол салуунун Дакук районуна караштуу Имам Зейданинин айылында бир футбол аянтчасында машыккан Хашди Шаби Түркмөн күчүнө карай болгонун билдирип, «Кол салууда 5 киши каза тапты жана 6 киши жаракат алды»,-деп айтты.

Минометтун окторунун айылдын түштүк-батыш багытынан террор уюму ДЕАШтын мүчөлөрү тарабынан атылганына көңүл бурган Камил, минометтун кол салуусу менен террористтердин айылга кирүүгө аракет кылганын, бирок аймакта кызмат кылган Ирактын федералдык полициялык күчү тарабынан бөгөт коюлганын айтты.



Тектеш кабарлар